Россия Украинага каршы куралдуу агрессиясын жана Крымдын статусу боюнча формасы боюнча мыйзамсыз жана мазмуну боюнча фейк референдум аркылуу Крым жарым аралынын аскердүү оккупациясын мыйзамдаштыруу боюнча аракетине алты жыл болду.
Ал референдум деп аталган иш-аракет Украинанын конституциясын, эл аралык укугунун негизги принциптерин жана эки тараптуу келишимдердин одоно бузулушу болгон.
Москванын аракеттери эл аралык коомчулук тарабынан толугу менен мыйзамсыз деп билдирилген, ал эми референдум деп аталган иш-чара – маанисиз деп аталган.
Крым Украинанын эгемендүү аймагы болгон жана болуп келүүдө.
Эл аралык коомчулугунун бириккен позициясы жана негизги эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун БАсы, ЕБ, НАТО, Европа Кеӊеши, ЮНЕСКО, эл аралык парламенттик түзүмдөрдүн чечими айкын билдирет – дүйнө эч качан Крымдын мыйзамсыз аннексиясын де-юре же де-факто кабыл албайт.
Мыйзамсыз басып алган аймакта өз бийлигин күчөтүү боюнча оккупанттын аракеттери жарым аралдагы кырдаалдын курчушуна гана алып келди,ал жерде адам укуктары жана эркиндиги такай бузулат, саясий куугунтуктар, анын ичинде диний жана этникалык белгилер боюнча куугунтуктар ишке ашырылууда.
Активдүү милитиризация жарым аралды Украинанын, Чыгыш Европанын жана Кара Деӊиз аймагынын коопсуздугуна коркунуч жараткан күчтүү аскердик базага айлантууда.
Бул кайгылуу жылдыкта авторитардык режимден жана оккупациядан жапа чеккендерге колдоо билдиребиз.
Крымды тезден тез бошотуу максатында, Украина эл аралык клоомчулукту Москвага каршы саясий-дипломатиялык жана экономикалык кысымды күчөтүүгө чакырат. РФнын агрессиясы токтобосо, Европада тынчтык жана туруктуулукту калыбына келтирүү мүмкүн эмес.