• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын ТИМдин Россия Федерациясынын Грузияга каршы куралдуу агрессиясынын он үч жылдыгына байланыштуу билдирүүсү
09 августа 2021 16:54

2021-жылдын 8-августунда Россия Федерациясынын Грузияга каршы куралдуу агрессиясынын башталышына 13 жыл толду.

Эл аралык укуктун эрежелерин системалуу түрдө этибарга албаган РФтин баскынчылык саясатынын натыйжасында, Грузиянын суверендүү аймактары - Абхазия жана Цхинвал региону/Түштүк Осетия - узак убакыт бою Россиянын оккупациясында.

Украина Грузиянын көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн эл аралык таанылган чек араларында ырааттуу жана күчтүү колдоосун, ошондой эле биздин мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө болгон берилгендигин дагы бир жолу ырастайт.

Россия Федерациясы оккупацияланган аймактардагы оор гуманитардык абал үчүн толук жоопкерчилик тартат жана эл аралык гуманитардык жана укук коргоо уюмдарынын аларга тоскоолдуксуз кирүүсүн дароо камсыздашы керек.

Биз эл аралык коомчулукту 2008-жылдын 12-августундагы ок атууну токтотуу келишими боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн Россия Федерациясына кысым көрсөтүүнү улантууга, Грузиянын оккупацияланган аймактарынан - Абхазиядан жана Цхинвал регионунан/Түштүк Осетиядан аскердик бөлүктөрдү чыгарып кетүүгө - жана бул грузин аймактарын демилитаризациялоо жана дуоккупациялоо боюнча башка чараларды ишке ашырууга чакырабыз.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux