Украина Орусия Федерациясынын Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында өзү түзгөн квази-түзүлүштөрдү – “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталгандардын “көз карандысыздыгын” таануу чечимин айыптайт.
Мындай аракеттери менен орус тарап эл аралык укуктун негиздерин, БУУнун Уставын одоно түрдө бузуп, Украинанын эгемендүүлүгүн жана эл аралык таанылган чек араларында аймактык бүтүндүгүн бузган.
Орусия Федерациясынын “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталгандар боюнча чечими эч кандай юридикалык кесепеттерге алып келбейт. Бул чечим кырдаалдын курчушун кескин күчөтөт жана Орусия Федерациясынын Минск келишимдеринен жеке өзү чыгуусун билдириши мүмкүн.
Украин тарап Орусиянын ниетин жана Украинаны провокациялоону каалаганын түшүнөт. Биз бардык тобокелдиктерди эске алабыз жана провокацияларга дуушар болбойбуз, орус-украин куралдуу кагылышуусун саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салууга умтулабыз.
Украинанын Президенти Владимир Зеленскийдин тапшырмасы боюнча украин дипломатиясы учурда куралдуу жаңжалдын өнүгүшүнө жол бербөө үчүн дипломатиялык арсеналды толугу менен колдонууда. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба дипломатиялык аракеттерди координациялоо жана эл аралык органдардын жыйындарын, саммиттерди өткөрүү, коргонууга жардамды тартуу жана Орусия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизүү боюнча чараларды көрүү максатында кесиптештери менен дайыма байланышта.
Орусия Федерациясынын кийинки чечимдери жана кадамдары көбүнчө дүйнөнүн окуяларга реакциясынан көз каранды. Ошондуктан, биз Орусияга каршы оор санкцияларды колдонууну талап кылабыз, бул мындан аркы эскалациянын кабыл алынгыс экенин ачык көрсөтүү үчүн. Орусия Федерациясынын агрессиясын токтотуу жана Европада тынчтыкты жана стабилдуулукту калыбына келтирүу үчүн аракеттенүүгө убакыт келип жетти.