• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын ТИМдин Беларусь Республикасынын Украинадагы иштеринде Убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн ТИМге чакырылышы боюнча комментарийи
12 августа 2021 16:53

10-августа Беларусь Республикасынын Украинадагы иштеринде Убактылуу ишенимдүү өкүлү Кирилл Камышев Украинанын ТИМне чакырылып, Александр Лукашенконун кечээги пресс-конференция учурунда бир катар жол берилгис билдирүүлөрүнө байланыштуу чечкиндүү түрдө протест билдирди.

Биринчиден, беларус дипломатына А.Лукашенконун Украинанын убактылуу басып алынган Крымга Россиянын суверенитетин таанууга даярдыгы, бул Кремлдин Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана суверенитетине, аны менен байланышкан бардык эл аралык укуктук кесепеттери менен каршы кылмышына шериктештикке барабар экендиги эскертилген. Мындай билдирүүлөрү менен ал Беларустун эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин бузат.

Биз беларус тараптан А. Лукашенконун сөздөрүнө түшүндүрмө берүүнү талап кылдык, бул беларус тараптын өз аймагына Роман Протасевичти суракка алуу үчүн Лугансктан өзүн өзү жарыялаган "прокурорлорду" өткөрүшүн күбөлөндүрүшү мүмкүн. Эгер бул тастыкталса, украин тараптын Беларустун ТИМден мурда алган расмий жообуна карама-каршы келет, ошол жоопто бул факт кескин түрдө четке кагылган.

Биз А.Лукашенконун "курал өткөрүп берүү" жана Украинанын "согушкерлерин" Беларус аймагындагы аракеттерге даярдоо боюнча риторикасын жоопкерчиликсиз жана реалдуулуктан алыс пропаганда деп эсептейбиз. Албетте, бул А.Лукашенконун тегерегинде турган Кремлдин пропагандисттердин тарабынан, Беларуска жана беларус элине карата жасалма жол менен жасалган "душмандык" катары түзүлгөн Украинанын образынын продуктусу, бул такыр чындыкка дал келбейт. Украинадан жана башка Батыш мамлекеттеринен Беларустун мамлекеттүүлүгүнө тышкы коркунучтар жөнүндө жасалма, А.Лукашенко өзүнүн репрессивдүү ыкмаларын жана Беларус жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин чектөөсүн актоого аракет кылып жатат.

Украина ошондой эле А.Лукашенканын Путиндын атын менен жамынып алып Украинаны «чөгөлөтөм" деп коркутканына көңүл бурду. Беларустук дипломатка бул сөздөр Беларустун алсыздыгынын көрүнүшү, ал эми күчтү көрсөтүү эмес деп айтылды. Путин Украинаны чөгөлөтө алган жок, анткени Лукашенконун ага болгон үмүтү утулуучу коюм.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux