Мындан 76 жыл мурун, 1944-жылдын 18-майында, Советтик жазалоо органдары тарабынан крым татарлары тарыхый мекенинен - Крымдан, - Өзбекстандын, Казахстандын жана Россия Федерациясынын алыскы аймактарына депортацияланган.
Куугунтуктун биринчи жылдарында депортацияланган крым татарларынын дээрлик жарымы көз жумган. Мекенине - Крымга, - кайтып келүүгө тыюу салуу мезгили 1989-жылына чейин созулуп, атайын тилдик жана маданий ассимиляция менен коштолгон.
Крым татарларынын трагедиясы, 2014-жылы, Россия Федерациясы Украинанын ажыратылгыс бөлүгү болгон Крымды басып алып, мыйзамсыз аннексиялоо аракет кылган кезде кайталанган.
Сталиндин тоталитардык режимин даңазалаган Россия, ХХІ-кылымда убактылуу басып алынган Крымда өзүнүн кылмыш саясатын улантып жатканы бекеринен эмес: бул крым татарларынын Меджлисине тыюу салуу, системалык репрессиялар, Украинанын бүтүндүгүнө каршы орус куралдык агрессиясына каршылк көрсөткөн крым татарларын куугунтуктоо жана укуктарын бузуу. Бул Крымдын жергиликтүү эли болгон миңдеген крым татарларын үйлөрүн таштап, материк Украинага көчүп кетүүгө мажбурлаган.
Сталиндин депортациялоосунда көптөгөн бейкүнөө курман болгон крым татарларынын элесин эскеребиз.
Крым татар эли өз укуктары үчүн болгон күрөштү колдойбуз.
Украинанын эгемендигинин кол тийбестигин, эл аралык таанылган чек аралардагы аймактык бүтүндүгүн жана саясий көзкарандысыздыгын баса белгилейбиз.
Биз Орусиянын Украинага карата агрессивдүү саясатын жана крым татарларына каршы жаңы репрессияларды айыптайбыз.
Россияны эл аралык укуктун негизги принциптерин бузууну токтотууга, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Украинанын Крым Автономдук Республикасындагы жана Севастополь шаарындагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюцияларын, жана эл аралык коомчулугу талап кылган Крым Автономдук Республикасынын жана Севастополь шаарынын деоккупациясын толугу менен аткарууга чакырабыз.
Россия жарым аралдын оккупациясын мыйзамдаштыруу үчүн кандай аракеттерди жасабасын, факт талашсыз бойдон калууда: Крым – бул Украина.
18-май, 2020-жыл