11-ноябрда Элчи В.Жовтенко Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти М.Шаршекеев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Украина менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн айрым аспектилери жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык боюнча пикир алышты.
Ошондой эле, КРнын СӨПнын жетекчилигине Украинанын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Экспортчулар жана Инвесторлор Кеңеши менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду түзүүгө сунуш кылынды.