13-апрелде Элчи В.Жовтенко "Эйр Манас" авиакомпаниясынын башкы менеджери Т.Нурбаев жана анын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, Киев менен Бишкектин ортосундагы аба каттамын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.