• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын Биримдик күнүнө карата - биздин күчүбүз биримдикте
22 января 2021 14:05

Жыл сайын 22-январда Украина Биримдик күнүн белгилейт - дал ушул күнү Украина Элдик Республикасы менен Батыш-Украина Элдик Республикасынын ортосунда Биригүү Актысы жарыяланган.

Бул майрам расмий түрдө Украинанын Президентинин 1999-жылдын 21-январындагы No 42/99 "Украинанын биримдигинин күнү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген.

XX -кылымда биринчи жолу Украинанын көзкарандысыздыгы 1918-жылынын 22-январында Украинанын Борбордук Радасынын IV Универсалы тарабынан жарыяланып, 1919-жылынын 22-январында Киевдеги София аянтында тарыхый окуя болгон - Украина Элдик Республикасы (мындан ары - УЭР) жана Батыш-Украина Элдик Республикасы (мындан ары - БУЭР) бир мамлекет болуп бириккен. Биригүү Актысы менен Днепр жана Приднестровье украиналыктарынын бир мамлекетке биригүүгө болгон умтулуусун ырастаган.

1990-жылынын 22-январында, Украинада Европадагы эң ири жарандык массалык иш-чаралардын бири болуп өткөндүгүн бардык украиндердин эсинде - бир миллиондон ашык адам кол кармашып, Ивано-Франковскиден Львов аркылуу Киевге чейин үзгүлтүксүз чынжыр түзүшкөн. Бул "жандуу чынжыр" Украинанын чыгыш жана батыш жерлеринин биримдигинин символу катары украин элинин көзкарандысыздыкка умтулуусунун көрсөткөн.

Ал эми Украина мамлекетинин түзүлүү процесси 1991-жылы 24-августта Украин ССРинин Жогорку Советинин кезексиз сессиясында Украинанын көзкарандысыздыгын жарыялоо Актысынын кабыл алынышы менен аякталган.

1991-жылдын 1-декабрындагы Бүткүл Украиналык референдумунда украиналыктардын 90,32% көз карандысыздык үчүн добуш беришкен. Референдум азыркы Украина мамлекетинин тарыхындагы чечүүчү окуя. Ошентип, Биримдик күнүн белгилөө менен бирге биз бир мамлекет түзүүгө украиндердин биригүүсүн жана бардык жарандардын улутуна карабастан руханий жамаатын жана биримдигин белгилейбиз, бул заманбап демократиялык мамлекет куруунун негизи болуп саналат.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux