• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинада эпидемияга каршы кошумча чектөөчү чараларды киргизилди
06 апреля 2020 12:46

03.04.2020-жылы Украинанын Министирлер Кабинетинин «Украинанын Министирлер Кабинетинин 2020-жылынын 11-мартынан №211 токтомуна өзгөрүү киргизүү» жөнүндө 02.04.2020-жылынин №255 токтому жарыяланды. Өкмөттүн аталган чечимине ылайык, Украинада эпидемияга каршы бир катар кошумча чектөөчү чаралар киргизилет. 

Токтомдун төмөнкү жоболоруна өзүнчө көңүл бурабыз: 

-  мамлекеттик чекарадан өткөн жарандар областык жана Киев шаарынын администрацияларынын тарабынан аныкталган обсервацияларга (изоляторлор) алынышы зарыл (Украинада аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук  өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, расмий эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана экипаж мүчөлөрү, аба, деңиз жана дарыя кемелеринин экипаждары, поезд жана локоматив топторунун мүчөлөрүнөн тышкары, эгер алар СOVID-19 менен ооруган адам менен байланышта болгон деп айтууга эч кандай негиз жок болсо) 

- обсервациянын мөөнөтү 14 күн - 12 жашка чейинки балдар мыйзамга ылайык ата-энелеринин, асырап алуучулар, камкорчулар, камкорчулар, багып алган ата-энелеринин, ата-эне-тарбиячылары жана башка адамдар менен бирге обсервацияга (изолятор) жаткырылат; - обсевацияларга/изоляторлорго жаткыруу Инфраструктура министрлигинин, Коомчулуктарды жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт; 

- обсервация(изоляция) тартибинин сакталышынын көзөмөлү Ички иштер министрлигине жана Улуттук полицияга жүктөлөт; 

- областык жана Киев шаарынын администрацияларына обсервация (изоляция) үчүн атайын дайындалган мекемелерди жана анда тамак-аш уюштурууга, мамлекеттик чек-арадан обсервацияга адамдарды жеткирүү жана  аларга медициналык көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux