Бүгүн Россия Федерациясынын Украинага каршы куралдуу агрессиясы башталганына 6 жыл болду.
2014-жылдын 14-февралында орус аскерлери Автономдук Крым Республикасынын жана Севастополь шаарынын оккупациясын баштап, континенттеги тынчыкты жана коопсуздукту бузушкан.
Россия мыйзамсыз иш аракеттери менен, эл аралык мамилелеринин жана тынчтык менен коопсуздуктун негизи болгон, эл аралык укугунун башкы принциптерин бузган – күч же күч менен коркутууну колдонбоо принциби, көз карандысыз мамлекеттердин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, урматтоо, ошондой эле мамлекеттик чек аранын бузулгустугу.
Украинанын элинин биримдигинин, биздин аскерлерибиздин эрдигинин жана эл аралык өнөктөштөрүбүздүн артынан, Украина, Донбасста агрессорду токтотуп, өз көз карандысыздыгын сактап калды, ал эми эл аралык коомчулук бул кылмыштуу агрессияны айыптап жана Крымдын аннексиясы менен макул болгон жок.
Россиянын эл аралык кылмышынын натыйжасы абдан кайгылуу – Украинанын аймагынын бир бөлүгүнүн оккупациясы, миңдеген каза тапкандар жана жарадар болгондор, бир жарын миллион адамдын ички жер которуулары, ошондой эле убуктылуу оккупацияланган аймактарда террор жана системалуу түрдө адам укуктары бузулган шарттарда жашоого аргасыз болгон миллиондогон украиналык жарандар.
Ошондой эле, Россия оккупант-өлкө катары өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин четке кагып келүүдө. Баскынчылар үчүн украиналык окшоштуктун көрүнүшү оор кылмыш болуп саналат. Крымдын жергиликтүү эли – крым татарлары, репрессияларга кабылып жатышат. Ойдон чыгарылган айптоолордун негизинде саясий куугунтук орус оккупациялык бийлик үчүн кадимки иш болуп калды. Оккупанттардын кылмыштарына россиялык куралдуу күчтөрүнө мыйзамсыз чакырык уюштуруу, демографиялык курамын өзгөртүү максатында Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарына системалуу түрдө Россиянын жашоочуларын көчүрүп келүү, Украинанын жарандарынын мажбур түрдө паспортизациялоо, оккупацияланган аймактардын ылдам милитаризациялаштыруу кирет.
Россиядан, эл аралык куралдуу кагылыштын тарабы катары, сөзсүз өз милдеттеринин аткарылышын, дароо ок атууну токтотуп жана Донбасстагы кырдаалды жетишилген макулдашуулардын негизинде жөнгө салуу ишинин башталышын талап кылабыз.
Ошондой эле, Украинанын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо саясий жана практикалык колдоо көрсөткөн биздин эл аралык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз.
Украинага каршы куралдуу агрессиясы токтотулушу, мыйзамсыз камакка алынган Укрананын жарандарынын бошотулушу, эл аралык уюмдардын жана эл аралык соттордун тиешелүү чечимдерин ишке ашыруулусу,убактылуу оккупацияланган аймактарды бошотуу жана Россиянын эл аралык укуктук талаага кайтышынын максатында, эл аралык коомчулукту Россия Федерациясына каршы саясий-дипломатиялык жана экономикалык кысымын күчөтүүгө чакырабыз.
Цивилизациялуу дүйнөнүн биргелешкен аракеттери менен Европада тынчтыкты жана туруктуулукту жана эл аралык тартиптин негизги принциптерине болгон урматтону калыбына келтирүү мүмкүн экендигине ишенебиз.