26-октябрда Элчи В.Жовтенко БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын Париж макулдашуусунун алкагындагы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелердин алкагында Улуттук аныкталган салымынын презентациясына катышты.
Документ экономиканын бардык тармактарында: энергетикада, өнөр жайда, транспортто, айыл чарбада, калдыктарды башкарууда экологиялык жана экономикалык жаңы түргө жетишүү үчүн Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясы болуп саналат.
Документте 2025-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 16,6% кыскартуусу каралган. Эл аралык колдоо менен 2025-жылга карата абага чыгарылган газдар 36,6%га кыскарат.