КУЛАКТАНДЫРУУ
Маанилүү маалыматка көңүл бурулушун суранабыз!
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 вирусунун ылдам жайылышына байланыштуу жагдайды пандемия деп жарыялаганына ылайык, жана Украинанын Өкмөтүнүн карантин тууралуу чечими боюнча, 16.03.2020 баштап 20.03.2020 чейин консулдук кабыл алуулар убактылуу токтотулат.
Эгер, дароо консулдук кызмат көрсөтүлүшүн талап кылган өтө шашылыш кырдаалдар жаралса, +996 701 888 463 тынымсыз байланыш номуру менен байланышууну суранабыз;
Ошондой эле, Украинанын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине:
- почта аркылуу: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас Айылы 1-А көч.;
- электрондук почта аркылуу: [email protected];
- Элчиликтин официалдуу Facebook-баракчасында комментарий аркылуу кайрылсаңыз болот: https://www.facebook.com/ukr.embassy.kg/
Иш тартиби боюнча боло турган өзгөрүүлөр кошумча жарыяланат.
Түзүлгөн кырдаалга түшүнүк менен кабыл алууну суранабыз жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.