18-ноябрда Украинанын элчиси В.Жовтенко А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Ж.Бакашова менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Украина менен Кыргызстандын китепканаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, айрыкча заманбап украин жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которуу боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун аягында элчи китепкананын фондуна, украиналык заманбап жазуучулар, Татьяна жана Сергей Дзюбанын кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгарылган "Кирпиктеги Күнчубак" ("Веселка на віях") ырлар жыйнагын, ошондой эле кыргыз жазуучусу, драматург Айдарбек Сарманбетовдун украин тилине которулган "Мекенсиз" китебин белек кылды.