12-мартта Элчи Кыргыз Республикасынын аймагында короновирус инфекциясын алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштер боюнча Кыргыз Республикасынын ТИМнин брифингине катышты.
Иш-чарага Бишкек шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле КРнын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев катышты.
Катышуучуларды Кыргызстандагы «COVID-19» вирусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал жана Республикалык штабы мамлекеттин аймагында короновирус инфекциясын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери менен тааныштырышты.
