26-февралда Элчи В.Жовтенко КРдагы ЕБнин Өкүлчүлүгүнүн «Социалдык коргоо секторун реформалоо боюнча контракттын ишке ашырылышын техникалык колдоо, Кыргызстан» конференциясына катышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө техникалык колдоо көрсөтүү боюнча аталган долбоор ЕБнин Бюджеттик колдоо программасынын алкагында аткарылып жана долбоордун жетекчиси В.Кузьминский баш болгон украиналык эксперттердин катышуусунда ишке ашырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө техникалык колдоо эки негизги багытта көрсөтүлгөн:
- социалдык коргоо тармагы (балдарды коргоо системасын өнүктүрүү жана алар үчүн социалдык кызматтарга басымы менен);
- мамлекеттик акча-каражат башкаруу тармагы (мамлекеттик мекемелерде ички жана тышкы аудитти өнүктүрүү).

