2020-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чакыруусу менен, Элчи В. Жовтенко COVID-19 карантин шартында Кыргызстандагы шайлоо процесстери жөнүндө онлайн-брифингине катышты.
Иш-чарага Бишкек шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпусунун жана эл аралык уюмдардын айрым өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова катышты.
Иш-чара Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө, анын ичинде шайлоочулардын добушу үчүн пара берүү жана административдик ресурстарды колдонууга болгон айыптар, саясий партиялар жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына жана 2020-жылы кезектеги парламенттик шайлоону пландаштырууга арналды.