• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Дмитрий Кулеба менен Энтони Блинкен Орусиянын агрессиясына каршы туруу жана Украинанын коопсуздугун чыңдоо маселелерин талкуулашты
16 ноября 2021 14:16

Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Дмитрий Кулеба жана Энтони Блинкен жаңы чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жаңы этапка алып келген жана кеңейтүүчү Украина менен АКШнын Стратегиялык өнөктөштүк комиссиясынын ишин кайра жандантканын кубатташты.

Тараптар коргонуу тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, Украина менен Европадагы энергетикалык коопсуздукту турукташтыруу боюнча бирдиктүү кадамдарды, Евроатлантикалык умтулууларын ишке ашыруу жолунда Украинанын позицияларын бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мамлекеттик катчы Блинкен, АКШ Орусиянын агрессиясына каршы турууда, Украинанын суверенитеттин жана аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүдө, кошо Крым менен, ошондой эле Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөдө жана аймактагы коопсуздукту чыңдоодо Украинаны кыйшаюусуз колдоону улантарын бышыктады.

Жолугушууга Украинанын Президентинин  Аппарат жетекчиси Андрей Ермак жана АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд да катышты.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux