• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Украинанын аймактык бүтүндүгү" жөнүндө 68/262 резолюциясын кабыл алгандыгынын жети жылдыгына карата биргелешкен билдирүү
01 апреля 2021 12:51

Австралия, Австрия, Албания, Бельгия, Греция, Грузия, Дания, Эстония Республикасы, Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Канада, Лихтенштейн Княздыгы, Монако Княздыгы, Нидерланд Королдугу, Коста-Рика , Латвия Республикасы, Литва Республикасы, Норвегия, Португалия, Болгария Республикасы, Кипр Республикасы, Мальта Республикасы, Маршалл аралдары Республикасы, Молдова Республикасы, Түндүк Македония Республикасы, Польша Республикасы, Словения Республикасы, Хорватия Республикасы, Румыния, Словакия Республикасы, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгы, Түркия, Украина, Микронезия Федеративдик Штаттары, Финляндия, Франция, Германия, Чехия, Черногория, Швеция жана Япониянын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн БУУнун Башкы Ассамблеясы "Украинанын аймактык бүтүндүгү" 68/262 резолюциясын бекиткендигинин жети жылдыгына карата.

Жети жыл мурун, 2014-жылы 27-мартта, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУга мүчө мамлекеттердин көпчүлүгүнүн колдоосу менен "Украинанын аймактык бүтүндүгү" 68/262 резолюциясын кабыл алган. Бул резолюция менен эл аралык коомчулук Украинанын эгемендүүлүгүн, саясий көзкарандысыздыгын, биримдигин жана эл аралык деңгээлде таанылган чектеринде аймактык бүтүндүгүн толук колдоорун так жана бир добуштан тастыктады.

Башкы Ассамблеянын ачык-айкын талаптарына карабастан, Россия Федерациясы Крымдын убактылуу оккупациясын токтоткон жок. Тескерисинче, ал адам укуктарын ачыктан-ачык бузуп, тебелеп-тепсеп, ошондой эле жарым аралда аскердик күчтөрүн күчөтүүнү улантууда.

Украинанын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген Россия Федерациясынын бул иш-аракеттери, анын жарым аралдагы этникалык жана диний азчылыктарга таандык адамдардын жана Россиянын оккупациясына каршы болгондордун бардыгынын кыянаттык менен пайдалангандыгы жана адам укуктарын бузгандыгы Башкы Ассамблеясы 71/205, 72/190, 73/263, 74/168, 75/192 "Крым Автономдук Республикасында жана Украинанын Севастополь шаарында адам укуктарынын абалы" жана 73/194, 74/17, 75 / 29 «Крым Автономдук Республикасынын жана Севастополдун (Украина), ошондой эле Кара жана Азов деңиздеринин бөлүктөрүн аскерлештирүү маселеси» резолюцияларын кабыл алышына түрткү болду. Бул резолюцияларда Башкы Ассамблея Крымдын убактылуу оккупацияланышын айыптап, Россияны оккупант-өлкө катары учурдагы эл аралык мыйзамдар боюнча бардык милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Россиянын иш-аракеттери дүйнө жүзү боюнча тынчсызданууну жаратты, алар эл аралык мыйзамдарга, анын ичинде БУУнун Уставына, ошондой эле Хельсинки жыйынтыктоочу актысына, эл аралык гуманитардык укукка жана адам укуктары боюнча мыйзамдарга каршы келет. Россиянын Крымды аннексиялоо аракетин мыйзамдаштыруу аракети таанылган эмес жана таанылбайт.

Биз, ошондой эле, Россиянын Украинадагы кырдаалды туруксуздаштырууну улантып жаткандыгын кескин айыптайбыз, айрыкча Россиянын Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактарындагы аракеттери анын Минск келишимдери боюнча өз милдеттенмелерин четке каккандыгы жөнүндө күбөлөндүрөт. Биз Минск келишимдерине ылайык жана Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн толук урматтоо менен, Нормандия Форматынын аракеттерин колдойбуз жана Украинанын чыгышындагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү жактагыныбызды тастыктайбыз. Россия Украинанын чыгышындагы жаңжалдын катышычуучу, ортомчу эмес.


Дагы бир жолу, биз Россия Федерациясын Крым Автономдук Республикасын жана Севастополь шаарын оккупациялоону тезинен токтотууга жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын Крымдагы кырдаал боюнча тиешелүү резолюцияларын толугу менен аткарууга чакырабыз. Дүйнөлүк коомчулуктун Крым боюнча аракеттерин бириктирүү максатында Украинанын Эл аралык Крым Платформасын түзүү демилгесин кубаттайбыз.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux