1-февралда Элчи В.Жовтенко жана Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын Аткаруучу директору А.Тунгатаров Украинанын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Экспортчулар жана Инвесторлор Кеңеши менен Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Тараптар ошондой эле украин-кыргыз соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.