9-февралда Бишкекте Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Элчи В.Жовтенко, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Министринин орун басары А.Исаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстанда, өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын жемиштүү өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган, Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн ачылышы Бишкек шаарынын ишкер чөйрөсүнүн жашоосунда маанилүү окуя.