28-ноябрда Элчиликте Элчи В. Жовтенконун жана Чуй камералык оркестринин жетекчиси Б. Осмоновтун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Украина жана Кыргызстан ортосундагы маданий кызматташуу боюнча пикир алмашылды. Анын ичинде, 2020-жылынын январ айынын башында, украин музыканттарынын катышуусу менен Бишкекте классикалык музыка концерттин өткөрүүгө макулдашышты.