22-октябрда Элчи В. Жовтенко "BiExpo" компаниясынын директору В. Линовицкий менен жолугушту.
"BiExpo" компаниясы көргөзмө боюнча Кыргыз Республикасынын башкы компаниясы болуп саналат, ал курулуш, медицина, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай, туризм, текстиль жана башка тармактарда эл аралык адистештирилген көргөзмөлөрдү өткөрүүдө 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар.
Жолугушуунун жүрүшүндө украин компаниялардын Кыргыз Республикасынында 2020-жылы өтө турган көргөзмөлөргө катышуусу боюнча бир катар маселелер талкууланды.