4-октябрда Элчи В. Жовтенко, КРнын Президентинин катышуусундагы, «Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Конференцияда Борбор Азиядагы санариптик өнүгүүнүн маселелери жана технология тармагындагы глобалдык тенденциялар тууралуу талкуулар болду.
Үч күн өтө турган конференцияга, чет өлкөлүк IT-компаниялар, илимий өкүлдөр жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары катышып жатат.