9-июлда Украинанын Элчиси В. Жовтенконун жана Бишкек Гуманитардык Университетинин ректору A. Мусаевтин жолугушуусу болуп өттү Жолугушуунун жүрүшүндө, Украина менен Кыргызстандын жогорку окуу жайлары ортосунда кызматташтык тууралуу пикир алмашылды, атап айтканда, Бишкек гуманитардык университетинин жана бир нече украиналык университеттер ортосундагы болгон келишимдерди жаңыртуу, илим жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн багыттары каралды.
Өзгөчө, студенттер жана мугалимдер менен алмашуу жана кыргыз студенттер Украинада окуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле БГУнун өкүлдөрүнүн Украинада болуп жаткан эл аралык илимий конференцияларда катышуусу караштырылды.
