• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын тышкы саясий кызматынын тарыхы жана каада-салттары
10 октября 2017 09:30

Украинанын тышкы саясий кызматы Киев Русь-Украинанын дипломаттык тажрыйбасына негизделген байыркы каада-салттарга ээ.

Ошол эле учурда, украин дипломатиясынын булагы бир кыйла тереңирээк. Демек, анын тамырларын бардык заманбап европалык мамлекеттердин негизинде болгон византий жана рим каада-салттарынын кошулушунда издөө керек.  

Байыркы Украина Мамлекети Византия, Ыйык Престол, Германия империясы, Польша, Венгрия, Франция, скандинав мамлекеттери менен активдүү мамилелерде болгон.

Владимир Святославичтин уулу Ярослав Мудрыйдын башкаруу мезгилинде (1019-1054) тышкы мамилелер өзгөчө тармактанган жана динамикалуу болгон. Ал орто кылымдарда жайылган дипломатиянын жүзөгө ашыруу ыкмасын – династия никелерин түзүүнү активдүү колдонгон. Ярославдын уулу Всеволод Византиянын императору Константин IX Мономахтын кызына үйлөнгөн. Ярославдын кыздарынын бири – Анна француз королю Генрих І турмушка чыккан. Башка кызы, Елизавета, Норвегиянын королю Гарольд Суровыйдын колуктусу болгон, үчүнчү Анастасиянын күйөөсү Венгриянын королю Андраш І болгон. Польша менен тыгыз мамилелер Ярославдын эжеси Добронега жана краков князи Казимирдин никеси аркылуу бекемделген.

Ошол убакыттагы Украинанын эл аралык позицияларын бекемдөөгө көптөгөн мамлекеттик ишмерлер маанилүү салымын кошкон, алардын арасында Владимир Мономахтын (1053 – 1125 жж.), князь Роман Мстиславичтин (1152 – 1205 жж.), Король Даниил Галицкийдин (1201 – 1264 жж.) маанилүү жетишүүлөрүн эстесек болот . 

Байыркы украин мамлекетинин начарлоосунан жана бөлүнүүсүнөн кийин украин дипломатиянын реалдуу прогресси Казак доорунда айрыкча көрүнүктүү болду. 

Өзүнүн түзүлүшүн XVI к. биринчи жарымында баштап, украин казачествосу бара-бара улуттук мамлекеттүүлүктүн өкүлүнө айланат. XVII к. башында Запорожье Аскери эл аралык мамилелердин субъекти, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европадагы таасирдүү аскердик-саясий фактор болуп калат. 1594 жылы казачество мамлекеттердин «Ыйык лига» христиан бирикмесинин өкүлдөрү менен Осман империясына каршы биргелешкен күрөшүү жөнүндө келишим түзөт. Сечь өзүнүн тарыхында биринчи жолу  эл аралык коалициянын толук укуктуу катышуучусу болуп калат. 

«Поляк, орус, түрк  жана латын тилдеринде эркин сүйлөгөн, амалдуу жана көрөөгөч акылы бар, чыдамдуу жана эптүү болгон» (Проспер Мериме) гетман Богдан Хмельницкийдин келиши менен, эң башкысы – анын согуштагы жеңиштерине байланыштуу, казачествонун эл аралык байланыштары олуттуу жандандырылат жана кеңейет. 

Өзүнүн Переяславдагы резиденциясында Б.Хмельницкий европалык мамлекеттердин өкүлдөрүн, Трансильваниянын князи Георгий Ракоцини, султандын жана москва падышасынын элчилерин кабыл алган. Ал польша өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, Швеция менен мамилелерди жөнгө салып, өнүктүргөн. 

Бирок, Украинанын көз карандысыздыктыгын камсыз кылуу үчүн гетмандын аркеттери, анын ичинде дипломатиялык да, көрсө жетишсиз болгон экен. Б.Хмельницкийден кийин украин дипломатиясынын калыптанышына жана өнүгүүсүнө эң чоң салымды гетмандар Иван Выговский, Иван Мазепа жана Филипп Орлик кошкон. 

Украин дипломатиясынын кийинки мүмкүндүгү эки кылымдан кийин гана пайда болот... 

 

*  *  *  *  *  *

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин толук баалуу мамлекеттик түзүм катары түзүлүшү жана калыптанышы 1917 ж. 10 июнундагы Украинанын Борбордук Радасынын Универсалын жарыялоосу жана Украина Элдик Республикасынын түзүлүшү менен байланышкан.

Бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бутактарынын органдарын түзүү процесси өзүнүн тариздөөсүн 1917 ж. 16 июлундагы Борбордук Рада тарабынан жарыяланган Экинчи универсалда тапты, анда Башкы Катчылыкты – бийликтин аткаруучу органын түзүү жөнүндө айтылган. Башкы катчылыктын биринчи күнүнөн тартып, анын курамында  XX кылымдагы Украинанын биринчи тышкы саясат ведомствосунун үлгүсү болгон улуттук иштер боюнча Башкы секретардык өз ишмердигин баштаган.

1917 жылдын 22 декабрында Борбордук Раданын III Универсалы менен жарыяланган  Украина Элдик Республикасынын Башкы Катчылыгынын төрагасы Владимир Винниченко жана эл аралык иштер боюнча Башкы катчы Александр Шульгин «Эл аралык иштер боюнча Башкы секретардыкты түзүү жөнүндө мыйзам-долбоорго» кол коюшкан, ал ошол эле күнү УУРдын Өкмөтүнүн жыйынында бекитилген. 

Бул документте эл аралык иштер боюнча Башкы секретардыктын милдеттери аныкталган, атап айтканда: «мамлекеттин эл аралык мамилелерин ишке ашыруу, УЭРдын чегинен тышкары украин жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо, убактылуу – УЭРдын чегиндеги улуттук жаңылыштарды жалпы жөнгө салуу».

Украин тышкы саясий кызматынын андан ары өнүгүүсүнө 1918 ж. 12 январында  жалпыга жарыяланган Борбордук Раданын IV Универсалы маанилүү түрткү берди, анда УЭР «Украин Элинин өз алдынча, эч кимден көз каранды эмес, эркин, эгемендүү мамлекети» деп жарыяланган.

Дал ушул мезгилде иши мамлекеттик мыйзамдар жана эл аралык иштер боюнча Башкы секретардыктын (кийин – Тышкы иштер министрлиги) ченемдик документтери менен жөнгө салынган дипломатиялык-консулдук мекемелердин тармагын түзүүнүн; дипломатиялык ишмердүүлүктүн тиешелүү укуктук базасын түзүүнүн (1918 жылдын жазында украин ТИМинин кызматкерлери «УЭРдын чет өлкөлүк мекемелери жөнүндө» мыйзам-долбоорун даярдашкан); дипломатиялык кадрларды даярдоонун үстүндө активдүү иш  башталат.  

Борбордук Раданын ишмердүүлүгүнүн учурунда дүйнөнүн мамлекеттери менен байланыштарды жөнгө салуу башталган. Атап айтканда, 1917 жылдын декабрь айында украин өкмөтү Франциянын өкүлүн («Украинанын өкмөтүндөгү Франциянын Башкы комиссары») жана Улуу Британиянын өкүлүн («Улуу Британиянын өкүлү») кабыл алган учурда, Антантанын өлкөлөрү менен байланышарды жөнгө салган. 

1917 жылдын декабрь айынын аягында Украин делегациясы Бресттеги тынчтык сүйлөшүүлөргө катышты, анда 1918 жылдын 27 январында, дүйнөлүк согуштагы биринчи тынчтык келишимине кол коюлган. 

Украинанын Борбордук Радасынын тышкы саясат ведомствосун төмөнкүлөр жетектеген:

 

Александр ШУЛЬГИН

Эл аралык иштер боюнча Башкы катчы,

Тышкы иштер министри

(1917 жылдын декабры – 1918 жылдын 24 январы)

 

 

Всеволод ГОЛУБОВИЧ

Тышкы иштер министри

(1918 жылдын З0 январы – 3 марты)

 

Николай ЛЮБИНСКИЙ

Тышкы иштердин мамлекеттик катчысы, ТИМдин Жетекчиси

(1918 жылдын 3 марты – 28 апрели)

 

1918 жылдын 28 апрелинде бийликке Украина Мамлекетинин Гетманы Павел  Скоропадскийдин келиши менен украин өкмөтү улуттук тышкы саясий кызматын өнүктүрүүнү улантты. 

Украина Мамлекетинин тышкы саясатынын үч негизги багыты аныкталган: «Төрт Биримдиктин өлкөлөрү менен достук мамилелерди түзүү; коңшу мамлекеттер менен талаш-тартыш аймактык көйгөйлөрдү чечүү; нейтралдуу мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүү».

Гетман өкмөтүнүн ишинин мезгилинде дипломатиялык мамилелер түзүлгөн өлкөлөрдүн чөйрөсү кеңейди. Тактап айтканда, Украина Мамлекети өзүнүн дипломатиялык миссияларынын ишин Румынияда, Финляндияда, Швейцарияда, Швецияда (жалпысынан 10 мамлекетке чейин) баштаган, ошондой эле жыйырмадан ашык чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кабыл алган (Австро-Венгрия, Болгария, Грузия, Германия, Турция, Польша, Румыния, Финляндия жана башкалар).

Украин Мамлекетинин өкмөтү Орумия менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өзүнчө делегация түзгөн. Орус делегациясы менен сүйлөшүүлөр 1918 жылдын май айынан октябрга чейин Киев шаарында өткөн. Христиан Раковский жана Дмитрий Мануильский башында турган РСФСРдын делегациясы бир мезгилде Украин Мамлекетиндеги убактылуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн функцияларын аткарган.

Украин тышкы саясий кызматынын өнүгүүсүнө Николай Василенконун ишин улантуучу Тышкы иштер министри Дмитрий Дорошенко чоң салым кошкон. Дал Д.Дорошенко  украин ТИМинин натыйжалуу структурасын түзүп жана тышкы саясий ишмердиктин мыйзамдык базаны өнүктүрүп, маанилүү дипломатиялык жыйынтыктарга жеткен. 1918 жылдын июнь айында «Украина Мамлекетинин элчиликтери жана миссиялы жөнүндө Мыйзам», ошол эле жылдын июль айында – «Украин консулдук кызматы жөнүндө Мыйзам» кабыл алынган. Гетман өкмөтүнүн мезгилинде алгачкы ата мекендик Консулдук курстар – мамлекетти дипломатиялык жана консулдук адистер менен камсыз кылууга багытталган окуу жайы – ишин баштаган.

Гетман өкмөтүнүн ишмердигинин учурунда Украинанын Тышкы иштер министрлигин төмөнкүлөр жетектеген:

 

Николай ВАСИЛЕНКО

Министрлер Кеңешинин Башчысы, Тышкы иштер министри

(30 апрель – 20 май, 1918 жыл)

 

Дмитрий ДОРОШЕНКО

ТИМдин Жетекчиси, Тышкы иштер министри

(20 май – 14 ноябрь, 1918 жыл)

 

Георгий АФАНАСЬЕВ

Тышкы иштер министри

(14 ноябрь – 14 декабрь, 1918 жыл)

 

1918 жылдын декабрь айында негизделген Экинчи республикалык өкмөттүн (Директория) түзүлүшү менен, мурдагы украин өкмөтүнүн дипломатиялык байланыштары бир кыйла деңгээлде сакталган, ал эми кээде кеңейтилген. 

Атап айтканда, биринчи Тышкы иштер министри Владимир Чеховский болгон Директория өзүнүн дипломатиялык өкүлдөрүн Бельгияга, Улуу Британияга, Грецияга, Италияга, АКШга жөнөткөн, Эстонияда, Латвияда, Чехословакияда, Венгрияда элчиликтерди ачкан. Украин мамлекети Ватиканда көргөзүлгөн. УЭРдын делегациясы Париж тынчтык конференциясына катышкан, ошол эле убакытта Украинанын Франциядагы убактылуу дипломатиялык өкүлүнүн функцияларын аткарган. 

УЭРдын украин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана атайын делегацияларынын  негизги иши Украинаны таанууну жана анын мамлекеттик умтулуусунда  эл аралык колдоону камсыз кылууга багытталган. УЭРдын дипломатиялык мекемелери кеңири маалыматтык жана басма ишин алып барган, ошондой эле негизги консулдук функцияларды аткарган. 

Украин туткундары бар болгон өлкөлөрдө алардын өз мекенине кайтып келүүсү уюштурулган; Берлиндеги, Венадагы жана Римдеги  өкүлчүлүктөрдө согуш туткундардын аскердик-санитардык миссиясы бар болчу.

Директориянын убагында элчилердин жана дипломатиялык миссиялардын башчыларынын съезддерин өткөрүү украин тышкы саясий кызматынын тажрыйбасына кирген, алардын ичинен маанилүү болуп экөө эсептелет: КарловыеВарах (1919г.) Жана венага сайылган (1920-ж.). 

Директориянын ишмердигинин учурунда Украинанын Тышкы иштер министрлигин төмөнкүлөр жетектеген:  

 

Владимир ЧЕХОВСКИЙ

Министрлер Кеңешинин Башчысы –Тышкы иштер министри

(1918 жылдын 26 декабры – 1919 жылдын 11 февралы)

 

Константин МАЦИЕВИЧ

Тышкы иштер министри

(13 февраль – март, 1919 жыл)

 

Владимир ТЕМНИЦКИЙ

Тышкы иштер министри

(апрель – август, 1919 жыл)

 

Андрей ЛЕВИЦКИЙ

Тышкы иштер министрликтин Жетекчиси

(919 жылдын августу – 1920 жылдын майы)

* *  *  *  *  *

Украин дипломатиянын  тарыхына  бөлүнгүс барак болуп Батыш-Украина Элдик Республикасынын (БУЭР) тышкы саясий ишмердиги кирди.

1918 жылдын 1 ноябрында куралдуу көтөрүлүштүн натыйжасында Львовдогу бийлике Улуттук Кеңеш келген. Ал 13-ноябрында мурдагы Австрия-Венгрия империясынын украин жерлеринин өз алдынчалыгы жана өз алдынча мамлекеттин түзүлүшү жөнүндө Убактылуу Негизги Мыйзамын кабыл алган.

БУЭРдин тышкы саясий иши көбүнчө эки негизги багыттарда жүргүзүлгөн: Днепр үстүндөгү Украина, башкача айтканда, Украина Элдик Республикасы менен жана Антантанын мамлекеттери менен мамиле куруу.

Украин жерлердин бирдик мамлекетке тарыхый биригүүсүнө жалпы умтулууну жетекчиликке алып, 1919 ж. 22 январында  эки өкмөттүн  өкүлдөрү УЭР жана БУЭРдын кайра биригүү Актын элге ачык жарыялашкан. 

Өз ишмердүүлүгүнүн учурунда БУЭРдын өкмөтү Австрияда, Италияда, Германияда, Венгрияда, Чехословакияда, Югославияда өздүк өкүлчүлүктөрүн ачып, кеңири дипломатиялык байланыштарды жөнгө салды. Атайын миссиялар украин эмиграциянын бир кыйла саны болгон өлкөлөргө жиберилген – Канада, АКШ, Бразилия. 

1919 жылдын июлунда БУЭРдын өкмөтү Париж тынчтык сүйлөшүүлөргө өзүнчө делегацияны жөнөткөн, ал жакта БУЭРдын өкүлдөрү УЭРдын дипломатиялык миссиясы менен активдүү биргелешип иштешкен. 

БУЭРдын ишмердигинин учурунда анын тышкы саясат ведомствосун төмөнкүлөр жетектеген:  

 

Василий ПАНЕЙКО

Тышкы иштер Мамлекеттик катчысы

(1918 жылдын 11 ноябры – 1919 жыл)

 

Лонгин ЦЕГЕЛЬСКИЙ

Тышкы иштер Мамлекеттик катчысы

(4 январь –10 март, 1919 жыл)

 

Михаил ЛОЗИНСКИЙ

Тышкы иштер Мамлекеттик катчысы

(10 март – 17 апрель 1919 жыл)

 

Степан ВИТВИЦКИЙ

Тышкы иштер Мамлекеттик катчысы

(17 апрель – май, 1919 жыл,

9 июнь – октябрь, 1919 жыл,

1 август – февраль, 1920 жыл )

 

Константин ЛЕВИЦКИЙ

Тышкы иштер Мамлекеттик катчысы

(1920 ж. башы – 1923 жыл)

 

*  *  *  *  *  *

Ошол эле убакта, УЭР жана БУЭРдын, Гетманщина жана Директориянын  өкмөттөрүнүн мамлекетти түзүү боюнча күч-аракеттери менен бирге, 1917 жылдын июлунан баштап советтик Украинанын параллельдик мамлекеттик структуралары түзүү жүзөгө ашырылган…

Советтик Украинанын бийлик структураларын түзүү ишинин башынан эле,«тышкы саясий иш-милдеттердин» аткаруусу белгилүү даражада улуттар аралык иштер боюнча Элдик секретардыгына жүктөлгөн, ал кийин Владимир Затонскийдин жетекчилигинин астындагы эл аралык иштер боюнча Элдик секретардыкка өзгөртүлгөн.

1919 жылдын январь айында УССР элдик комиссарлар Кеңеши түзүлгөн, анын жетекчиси Христиан Раковский болуп калган, ошол эле убакта ал Николай Скрипниктин оордуна советтик Украинанын тышкы саясат ведомствосун да башкарган. 

Өз ишмердүүлүгүнүн учурунда УССР өкмөтү өздүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн тармагын жайылткан. Атап айтканда, УССРдин өкүлдөрү Варшавада, Берлинде, Прагада болгон. Ал эми советтик Украинанын өкмөтүндөгү чет өлкөлүк дипломатиялык өкүл элчилерине караштуу болсо, алардын арасында көбүнчө соода-экономикалык жана консулдук маселелер менен алектенишкен Польшанын, ошондой эле Австриянын, Германиянын, Чехословакиянын өкүлдөрү болгон. 

Бул мезгилдеги УССР тышкы иштер элдик комиссариаттын иши негизинен башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүүгө, элкомиссариаттын чегиндеги компетенциясында ички мыйзамдарды жакшыртууга, УССРдеги чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен байланышты колдоого багытталган.

Ошол эле учурда, 1922 жылдын декабрында Советтик Социалисттик Республикалар Союзу түзүлгөндөн кийин абал кардиналдуу өзгөрдү. Украинанын бардык тышкы саясий, экономикалык, соода байланыштары тез эле союздук борбордун баш ийүүсүнө өткөн, а УССР өздүк тышкы саясий ишмердүүлүктү жүргүзүү укугунан айрылган.

1922 ж. 18 октябрында эле УБК КП(б) «УССРдин ТИЭК аппаратын кыскартуу» жөнүндө токтом кабыл алган, анын ыйгарым укуктары союздук элдик комиссариатына берилиши керек болчу.  Ал убакыттагы УССРдин тышкы иштер элдик комиссары Х.Г.Раковскийдин бул чечимге каршы  аракеттерине карабастан (анын демилгеси боюнча 1923 жылдын 23 мартында УБК КП(б)нын БК РКП(б)дын Саясий бюросуна УССРдин ТИЭКи жана СРССРдин кошулуусу жөнүндө маселени кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылуусу кабыл алынган), УССРдин ТИЭК 1923 жылы 20 сентябрында  расмий түрдө жоюлган.  

Ошентип, XX к. 20 жылдарынын башында Украина адегенде чыныгы, андан кийин формалдуу мамлекеттүүлүгүн гана жоготкон эмес, ошондой эле көп жылдарга  өзүнүн тышкы саясатын түзүүгө жана жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырады. 

УССРдин тышкы саясий ведомствосун төмөнкүлөр жетектеген:

 

Сергей БАКИНСКИЙ

Улуттар аралык иштер боюнча элдик катчы

(1917 жылдын 14 декабры – 1918 жылдын 1 марты)

 

Владимир ЗАТОНСКИЙ

Тышкы иштер боюнча элдик катчы

(1918 жылдын 1-4 марты)

 

Николай СКРИПНИК

Тышкы иштер боюнча элдик катчы

(8 март – 18 апрель, 1918 жыл)

 

Христиан РАКОВСКИЙ

Тышкы иштер боюнча элдик катчы

(1919 жылдын январы – июлу жана 1920 жылдын марты – 1923 жылдын июлу)

 

*  *  *  *  *  *

1994 жылдын 1 февралында СССРдин Жогорку Кеңешинин сессиясы «Союз республикаларына тышкы сайсий тармагында ыйгарым укуктарын берүү жана ушуга байланыштуу Тышкы Иштер Элдик Комиссариатын жалпы союздуктан союздук-республикалык эл комиссариатына өзгөртүү жөнүндө» Мыйзамын кабыл алган. Бул акт менен жыйырма жылдык тыныгуудан кийин союздук республикалардын тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү укуктары формалдуу түрдө жаңыланган.

1944 жылдын 5 февралында украин ТИЭКти түзүү жөнүндө Украинанын БК КП (б) Саясий бюросунун жана УССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Токтомдору кабыл алынат. 

Украинанын 1944-1990-жылдар мезгилиндеги эл аралык ишмердүүлүгү негизинен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ишине катышууга багытталган. Ал катышуу Украинанын жашоосу тууралуу дүйнөлүк коомчулукту маалымдоого, дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү талкулоодо катышууга, ар тараптуу дипломатия чөйрөсүндөгү тажрыйба алууга символдук жана чектелген болсо дагы мүмкүнчүлүктөрдү берген.

БУУну негиздөөчү мамлекет катары Украина (Украина ССР) бул уюмдун Уставын иштеп чыгууда, анын түзүмүн, органдарын жана мекемелерин түзүүдө катышкан.

УССРдин делегациясы БУУда алгачкы жылдарда эле активдүү ишин кеңири жайылткан.

Украин делегациясы БУУнун Уставына, БУУнун Башкы Ассамблеясынын жолжобосунун убактылуу эрежелерине, качкындарга, көчүрүлгөн жана которуштурулган адамдарга, БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешиндеги (ЭКОСОК) өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө карата резолюцияларга, Дунай конференциялардын ишине жана ушул сыяктууларга көп сунуштарды киргизген.

1945 ж. Украина ССР Эл аралык соттун, 1946 ж. – Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, 1947 ж. – Бүткүл дүйнөлүк почта биримдигинин, 1948 ж. – Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун, 1954 ж. - Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ), ЮНЕСКОнун, 1956 ж. – Европа Экономикалык Комиссиясынын, 1957 ж. – Атомдук энергия боюнча Эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) мүчөсү болот.  

1948-1949 жана 1984-1985 жылдарда Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланган. Бирок 2000-2001 жылдарда гана, качан Украина  ООНдун ККсына үчүнчү жолу шайлангандан кийин, биздин мамлекет эл аралык мамилелердин көз карандысыз катышуучусу катары иш жүргүзгөн.

Совет мезгилинде Украина ЭКОСОКтун, ЭЭУнун Административдик Кеңешинин,  БУУнун айлана-чөйрө боюнча Программасынын жетекчилер Кеңешинин, МАГАТЭнин башкаруучулар Кеңешинин, апартеидке каршы күрөшүү боюнча жана палестин элинин ажырагыс укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Комитеттин мүчөсү болгон.  

БУУнун Украинанын активдүү катышуусу менен чечилген маселелеринин арасында куралсыздандыруу көйгөйү болгон, атап айтканда, химиялык куралга тыюу салуу,  күчтөрдү колдонбоо, космосту куралсыздандыруу, колониализмдин калдыктарын жоюу, жалданмачылыкты тыюу. БУУнун БАсынын 45-чи сессиясында (1990 ж.) 126 өлкө Чернобыль авариянын кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык кызматташтык  жөнүндө резолюциясын кабыл алды.  

1945-1990 жж. УССРдин эл аралык уюмдардагы катышуусун, биринчи кезекте БУУдагы, Москва башкарган. Ошол эле учурда, кызматкерлер украин тышкы саясий кызматынын кызматкерлери зарыл болгон кесиптик тажрыйба алышкан. 

УССРдин Тышкы иштер министрлигин төмөнкүлөр жетектеген:

 

Александр КОРНЕЙЧУК

(1944 жылдын февралы – июлу)

 

Дмитрий МАНУИЛЬСКИЙ

(1944 – 1952 жылдар)

 

Анатолий БАРАНОВСКИЙ

(1952 жылдын10 июну – 1953 жылдын 17 июну)

 

Лука ПАЛАМАРЧУК

(1954 жылдын 11 майы – 1965 жылдын 13 августу)

 

Дмитрий БЕЛОКОЛОС

(1966 жылдын 16 марты – 1970 жылдын 11 июну)

 

Георгий ШЕВЕЛЬ

(1970 жылдын 10 августу – 1980 жылдын 18 ноябры)

 

Владимир МАРТЫНЕНКО

(1980 жылдын 18 ноябры – 1984 жылдын 28 декабры)

 

Владимир КРАВЕЦ

(1984 жылдын 29 декабры – 1990 жылдын 27 июлу)

 

*  *  *  *  *  *

 

Украин дипломатиянын өнүгүүсүнүн жаңы тарыхый этапы 1990 жылдын 16 июлунда УССРдин Верховная Радасы Украинанын мамлекеттик эгемендүүлүгү тууралуу Декларацияны кабыл алганда башталган. 

Декларацияда Украина «эл аралык укуктун субъекти катары башка мамлекеттер менен түздөн-түз мамилелерди ишке ашырат, алар менен келишимдерди түзөт, дипломатиялык, консулдук, соодалык өкүлчүлүктөр менен алмашат, эл аралык уюмдардын ишмердигине катышат…» деп белгиленген. Украина «эл аралык баарлашуунун тең укуктуу катышуучусу болуп чыгат, жалпы тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө активдүү көмөк көрсөтөт, жалпы европалык жараяндарга жана европалык түзүмдөргө түздөн-түз катышат».  

1991 жылдын 24августунда Украинанын көз карандысыздыгы жөнүндө тарыхый Акты кабыл алынгандан кийин  Тышкы иштер министрликтин алдында таптакыр жаңы тапшырмалар келип чыкты, алар эл аралык коомчулук тарабынан Украинаны таануу, дипломатиялык мамилелерди түзүү, өздүк дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн натыйжалуу тармагын түзүү, чет өлкөлөр менен толук баалуу эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү, алдыңкы эл аралык уюмдарда мүчөлүктү алуу  жана бекитүү менен байланышкан. 

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Украинаны 170 ашык чет өлкө тааныган. Дээрлик алардын бары менен дипломатиялык мамилелер түзүлгөн жана  эки тараптуу кызматташуу жигердүү өнүгүүдө.

Украина өздүк дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн натыйжалуу тармагын түзгөн.

Украина 90 ашык эл аралык уюмдардын мүчөсү. 2000-2001 жж. Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин курамына кирген. Биздин мамлекет эки миңден ашуун эл аралык укуктук документтреди түзгөн жана аткарууда.

Эгемендүүлүк жылдардын ичинде Украинанын өкүлдөрү бир нече жолу көптөгөн кадыр-барктуу эл аралык түзүмдөрдү башкарган жана алардын жетекчиси болуп шайланган, биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунун органдарынын. Өзгөчө мисал катары, так Украинанын өкүлү Геннадий Удовенко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 52-сессиясынын Президенти болуп шайлангандыгын эстесек болот. 

1993 жылдын 2 июлунда Украинанын Верховная Радасы Украинанын тышкы саясатынын Негизги багыттарын кабыл алган.

Украинанын конституциясынын 106 беренесине ылайык, мамлекеттин тышкы саясий ишмердүүлүгүн Украинын Президенти жүзөгө ашырат, ал эл аралык мамилелерде өлкөнүн өкүлү болот, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Украинанын эл аралык келишимдерин түзөт, чет мамлекеттерди таануу жөнүндө чечим кабыл алат,  башка мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы Украинанын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын дайындайт жана бошотот, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн ишеним грамоталарын кабыл алат. 

Украинанын Президентинин 1999 ж. 3 апрелиндеги «Украинанын Тышкы иштер министрлиги тууралуу жоболор жөнүндө» Токтомуна ылайык, «Украинанын тышкы иштер министрлиги (Украинанын ТИМи) аткаруучу бийликтин борбордук органы катары Украинанын тышкы мамилелер чөйрөсүндө жана ушул чөйрөдөгү иш-чараларды координациялоодо мамлекеттик саясатты, анын ичинде Украинанын Европа мейкиндигине  кирүүсүн камсыздоо жана  Украина Европа Биримдигинин (ЕБ), Түштүк Атлантика келишиминин Уюмунун (НАТО) мүчөлүгүн алуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүү боюнча Украинанын тышкы саясатынын стратегиялык максаттарын ишке ашырууга багытталган саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча аткаруу бийликтин борбордук органдарынын тутумундагы эң башкы (жетектөөчү) орган болуп эсептелет.

2005 жыл Украинанын европалык жана евроатлантикалык интеграциялык умтулуусун ишке ашыруу жараянында көрүнүктүү учурларды калтырган. Бул – Европа Биримдиги тарабынан Украинага рынок экономикалуу өлкөнүн статусун берүүсү жана Киев шаарында Демократиялык Тандоо боюнча Коомчулуктун Форумун өткөрүүсү.

Украинанын Президенти Виктор Ющенконун 2005 жылдын 22 августундагы «Тышкы мамилелер чөйрөсүндө аткаруу бийлик органдардын ишин координациялоону  жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» Украинанын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтомуна ылайык, Украинанын Тышкы иштер министрлигине Украина мамлекетинин тышкы мамилелер чөйрөсүндө аткаруу бийлик органдардын ишин координациялоо боюнча кеңири ыйгарым укуктар берилген. 

500 ашык Украинанын тышкы саясат ведомстволорунун кызматкерлери белгилүү «Украин дипломаттардын билдирүүсүндөгү» Кызгылт сары революциянын идеяларын колдошкон.

Украинанын Тышкы иштер министрлигин төмөнкүлөр жетектеген:   

 

Анатолий ЗЛЕНКО

Украинанын Тышкы иштер Министри

(1990 жылдын 27 июлу – 1994 жылдын 25 августу,

2000 жылдын 2 октябры – 2003 жылдын 2 сентябры)

 

Геннадий УДОВЕНКО

Украинанын Тышкы иштер Министри

(1994 жылдын 25 августу – 1998 жылдын 17 апрели)

 

Борис ТАРАСЮК

Украинанын Тышкы иштер Министри

(1998 жыддын 17 апрели – 2000 жылдын 29 сентябры,

2005 жылдын 4 февралы – 2007 жылдын 30 январы)

 

Костантин ГРИЩЕНКО

Украинанын Тышкы иштер Министри

(2003 жылдын 2 сентябры – 2005 жылдын 3 февралы,

2010 жылдын 11 марты – 2012 жылдын 24 декабры)

 

Арсений ЯЦЕНЮК

Украинанын Тышкы иштер Министри

(2007 жылдын 21 марты – 4 декабры)

 

Владимир ОГРЫЗКО

Украинанын Тышкы иштер Министри

(2007 жылдын 18декабры – 2009 жылдын 3 марты)

Петр ПОРОШЕНКО

Украинанын Тышкы иштер Министри

(2009 жылдын 9 октябры – 2010 жылдын 11 марты)

 

Леонид КОЖАРА

Украинанын Тышкы иштер Министри

(2012 року 24 декабры – 2014 жылдын 23 февралы)

 

Андрей ДЕЩИЦЯ

Украинанын Тышкы иштер Министринин милдетин аткаруучу

(2014 жылдын 27 февралы – 2014 жылдын 19 июну)

 

Павел КЛИМКИН

Украинанын Тышкы иштер Министри

(2014 жылдын 19 июну – азыркы убакытка чейин)

 

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux