21-апрелде Элчи В.Жовтенко Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жетекчилиги, атап айтканда ректор, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов жана проректор, Тарас Шевченко атындагы Киев улуттук университетинин бүтүрүүчүсү Аниса Бөрүбаева менен жолугушту.
Баарлашуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим жаатындагы украин-кыргыз кызматташтыктын маселелерин кеңири талкуулашты.