Посольство України в Киргизькій Республіці

, Київ 19:56

1932-1933 Жылдардагы Голодомор – Украин элинин тукум куруту

24 листопада, 13:06

Тарыхый өткөн мезгил ар дайым сын көз менен баа берүүнү талап кылат. Өткөн кылым эки дүйнөлүк согуштун кара белгиси, кыйроонун жана адам трагедиясынын мурун болуп көрбөгөн масштабтары менен белгиленген. Гитлердик Германия окумуштуулар тарабынан залимдик милитаристтик мамлекетт катары эсептелет, анын жетекчилиги адамгерчиликке каршы кылмыштарда күнөөлүү.

Бирок, кийинчерээк, Советтер Союзу кулагандан кийин жана СССРдин КГБсынын документтеринен «таптакыр жашырын» грифин алып салгандан соң, дүйнөлүк коомчулуктун көп өкүлдөрү үчүн коммунисттик режимдин көптөгөн кылмыштарынын биринин – украин элин жок кылууга багытталган 1932-1933 жж. жасалма жол менен уюштурулган массалык ачарчылыктын оор кайгысын жана масштабын  түшүнүү болду. Украин элинин тукум куруту жөнүндө ачыкка чыккан документтердин ири массиви СССРдин Коммунисттик режиминин чыныгы табияты тууралуу жалган мифтерди жоет.

Кийинчерээк окумуштуулар аныктагандай, 1932-1933 жж. Голодомордун башкы себеби большевисттик жетекчиликтин максаттуу кылмыштуу саясаты болгон эле. Сталиндин  таануусу боюнча, 1932 жылдагы дандын түшүмү 1931 жылдын түшүмүнөн ашкан. Бул шарттарда советтик жетекчилик азыктардын көпчүлүк бөлүгүн максаттуу конфискациялаган. Ушундай күч колдонуп азык-түлүктү алып койгондон, айылдарды жана бүтүн аймактарды курчоодон, ачарчылык каптаган Украинанын чегинен тышкары чыгууга тыюу салуудан, айыл соодасын кемитүүдөн, каршы болгондорго карата репрессиялардан улам, залимдик бийлик украинецтер үчүн алардын кырылуусуна алып келген жашоо шарттарын түзгөн.

Бүгүн СССРдин мындай саясаты «адамгерчиликке каршы кылмыш» катары эсептелет, ал БУУнун 1948 жылдын 9 декабрындагы «Тукум курут кылмышын алдын алуу жана ал үчүн жазалоо тууралуу» Конвенциясына ылайык келет. 1932-1933 жылдардагы Голодоморду украин элинин тукум куруту катары таануу 2006 жылдын 28 ноябрында Украинанын Верховная Радасы тарабынан кабыл алынган «Украинадагы 1932-1933 жылдардагы Голодомор жөнүндө» Украинанын Мыйзамы менен бекитилген. Киев шаарынын Апелляциялык сотунун 2010 ж. 13 январындагы Токтому менен украин улуттук топтун бөлүгүнүн тукум курутун атайылап уюштурган Иосиф Сталин, Вячеслав Молотов, Лазарь Каганович, Павел Постышев, Станислав Косиор, Влас Чубарь, Мендель Хатаевич боюнча Украинанын Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрүнүн корутундусу тастыкталды.

Эмне үчүн украинецтерди ачкачылык менен өлтүрүшкөн?

Голодомордун  себептеринин заманбап изилдөөлөрү жөнүндө азыр дагы Киев-Могилян академиясынын жана Украинанын Улуттук эстутум Институтунун өкүлдөрү айтышууда, ошондой эле Украинада 85 жыл мурда болгон окуяларга укуктук баа беришет.

Ачарчылыкты улутту кулдандыруу жана анын каршылык көргөзгөндүгүн басуу үчүн курал катары колдонуунун натыйжалуулугун коммунисттик лидерлер 1921-1923 жылдарда түшүнүшкөн, ал куралды дыйкан көтөрүлүшчүлөргө жана Нестор Махнонун отряддарына каршы колдонгон кийин.

1917-1921 жылдардагы «Москвадан алыс!» ураанынын астында өткөн украин революциясы улуттун түзүлүшүнө, дыйкандардын улуттук аң-сезиминин жана маданий ренессанстын өсүшүнө таасир эткен деп көпчүлүк изилдөөчүлөр эсептешет. Орусияныкынан айырмаланган жана Европага багытталган маданий салттары түзүлө баштаган. Улуттук билим берүү системасы түзүлгөн, автономдук экономикалык организм катары Украинанын экономикалык концепциясы негизделген. Бирок, коммунисттик режимдин орнотуусу Украина мамлекетин түзүү жараянын жокко чыгарды.  Калктын саны боюнча СССРде экинчи орунда турган украин улуту чоң маданий-тарыхый мураска, мамлекеттүүлүктүн өз каада-салттарына, улуттук-боштондук күрөштөгү тажрыйбага ээ болгон. Интеллектуалдардын кеңири чөйрөсү менен экономикалык жактан өз алдынча болгон дыйканчылык коммунисттик жетекчиликтин саясатын кабыл алган эмес. Ошондуктан көз карандысыз мамлекет түзүү жөнүндө маселени көтөрүп чыга турган украинецтерди саясий улут катары жок кылуу – башкы максат болуп калган. Бул максатка жетүү үчү өтө коркунучтуу курал тандалган – Ачкачылык менен өлтүрүү. 

Голодоморго алып келген механизм ошол убакыттын коммунисттик партиясынын жетекчилери тарабынан Москвадан ишке келтирилген. 1928 жылдын январында режим зомбулук эгин даярдоону киргизди.

Мамлекет түшүмдүн көпчүлүк бөлүгүн же ал тургай бардык өстүрүлгөн данды дыйкандардан кыйла төмөндөтүлгөн баалар боюнча мажбурлап алып алган. Ошол эле учурда чарбаларды «жок кылуу» башталды. 1930 жылы коллективдештирүү массалык нааразычылыкты жана көтөрүлүштөрдү пайда кылган. Бир жылдын ичинде Украинада 1,2 млн дыйкандардын катышуусу менен төрт миңден ашык массалык протесттик көтөрүлүш болгон. Совет бийлиги Украинада тамыр алган эмес, СССРдин жетекчилиги буну түшүнгөн. Мындан тышкары, кырдаал көзөмөлдөн чыгуу коркунучу пайда болгондугун ал түшүндү. Ошондуктан 1931 ж. октябрь айында дыйкан чарбалардын 68% жана айдоого жарамдуу жерлердин 72% коллективдештирилген (иш жүзүндө мамлекеттик болуп калган).  Бардыгы Украинада 352 000 ашык «кулакка тартылган» чарбалар жоюлган. Бирок Украина дагы эле тоталитардык системага каршы борбор болуп кала берген.

Ал эми совет бийлиги эмне кылбаса да, баары бир украинецтер кылмышкерлерге  баш ийгиси келген эмес. 1932 жылдын алгачкы жети айында Советтик Союзда болгон бардык бийликке каршы көтөрүлүштөрдүн 56% Украинага туура келет.

1932 ж. жайында баш ийбөөнүн күчөөсүнөн улам Сталин өзүнүн курчоосу менен бирге жок дегенде калктын бир бөлүгүн жок кылуу жолу менен «Украинаны жоготпош үчүн» Украинада жасалма ачкачылыкты уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алган. Ачарчылыктын учурунда тоталитардык бийлик тамак-ашты зордоп алгандыгын токтотпостон, чет өлкөдөн келген жардамды кабыл албай, бардык күчтөрдү ачарчылыкка учураган аймактарды обочолотконго жиберген. Армия жана ИИЭКтин отряддары Украинанын шаарларын жана темир жол бекеттерин курчоого алышкан, анткени дыйкандар ал жакта ачарчылыктан качып кетүүгө аракет кылышкан. Айылдардын жашоочуларына СССРдин башка аймактарына барууга тыюу салынган. Нан алынып,  башка өлкөлөргө валютага сатылчу. Ал валюта өнөр жай ишканалары үчүн тестерди, башка жабдууларды сатып алууга жиберилген.

Бул эмнеге алып келди?

1932 жылдын ичинде тараган ачкачылык 1933 жылдын башында өтө коркунучтуу күч алган. Украинада изилдөөчүлөрдүн эсептөөлөрү боюнча күн сайын ачарчылыктан 25 миң адам, ар бир саат сайын – 1 миң адам, ар бир мүнөт сайын – 17 адам өлгөн. 1933 ж. украинецтердин өмүрүнүн орточо узактыгы: эркектердики – 7,3 жыл, аялдардыкы – 10,9 жыл. 

Тилекке каршы, кылмыштын коркунучтуу жагдайлары жана өлүмгө  статистика жүргүзүүгөө атайы тыюу салуу курман болгон күнөөсүз адамдардын так санын аныктоону жана алардын атын атап толук тизмесин түзүүнү мүмкүнсүз кылышат. Жасалма жол менен уюштурулган ачарчылыктан жапа чеккендерге биринчи баа берүүлөр 1933 жылы эле пайда болгон. Ошондо эле 7, ал тургай  9 млн каза болгондордун сандары айтылган.  Заманбап изилдөөчүлөрдүн баалоолору кыйла эле бирдей эмес – 1,8-дөн  7, ал эмес 10 млн адамга чейин. Украинанын 1932-1933 жылдардагы Голодомордогу жоготууларынын  эсептөө темасы менен 2007 ж. тартып М.Птуха атындагы Украинанын УИАсынын Демография жана социалдык изилдөөлөр институту эмгектенет.

Украинада 1932-1933 жылдары жасалган геноцид фактысы боюнча кылмыш иштин   материалдарына кирген Институттун адистеринин корутундусу боюнча Голодомордон УССРде 3 млн 941 миң адам каза болгон. Голодомордун кесепетинен Украинадагы 1932-1934 жж. кыйыр жоготуулар (төрөлүмдүүлүктүн аздыгы) 600 000 адамды түзөт. Тикелей демографиялык жоготуулардын этностук курамынын талдоосу дал этникалык украинецтер ачкычылык менен өлтүрүлгөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт. УССРдин чегиндеги украинецтердин өлүмдүүлүгү 3 млн 597 миң адам, же түз жоготуулардын жалпы санынын 91,2% түзгөн. Голодомордун оор кайгысы – балдар арасындагы абдан чоң өлүм. Украинанын көптөгөн райондорунда 1933 жылдын сентябрында мектеп партасына болжол менен окуучуулардын үчтөн экиси олтурган жок.

М.Птуха атындагы Украинанын УИАсынын Демография жана социалдык изилдөөлөр институтунун илимпоздору тарабынан Гарвард университети үчүн Голодомор учурундагы УССРдин жоготууларынын картасы түзүлгөн. Изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бардыгынан Украинанын эзелки казак салттарын сактаган  токой-талаа региондору жапа чеккен: Полтавщина, Черкассы, Кировоград, Киев областтар. Бул аймактардын айрым райондорунда 1933 жылдын ичинде калкынын жарымынан көбү кырылган. Ачкачылык украинцерди жок кылуу үчүн массалык биологиялык курал-жарак болду. Ал узак он жылдыктарга жаратылыш генетикалык фондду бузган, улуттун аң-сезиминдеги моралдык-психологиялык өзгөрүүлөргө алып келген. Тукум курут кылмыштын натыйжасы болуп ошондой эле салттуу украин жашоо тартибинин бузулушу эсептелет.

Маалыматтык блокаданы жоюу


Советтик бийлик ачарчылык жөнүндө кылмыштуу жашырып айткан эмес. Бул каргашалуу трагедия тууралуу бир да расмий түрдө эскертилген эмес. Формалдык түрдө ачкачылык болгон эмес. Голодомор СССРдин өтө коркунучтуу сырларынын бири болгон. Мындай сөз мамлекеттик документтерде колдонулган да эмес. Аларда массалык өлүмдөр жана шишүүлөр «азык-түлүк кыйынчылыктар» деп аталган. Ачкалыкты жашыруудагы бийликтин иш-аракеттери Голодоморду уюштуруу боюнча тоталитардык режимдин саясатынын кылмыш мүнөзүн ырасташат. Советтик Союзда репрессия коркунучунан улам коомдук мейкиндиктен Голодомор жөнүндө эскермени дээрлик толугу менен чыгарып салууга мүмкүн болду. Сталиндин режими аны тышкы дүйнөдөн гана эмес, келечек муундардан жашырууга аракеттенген. Айыл өкмөттөргө өлүмдү каттоо учурунда анын себебин көрсөтпөөгө буйрук берилген. Андан тышкары, 1932-1933 жылдардын ичиндеги бардык өлүмдү каттоо китептерди атайын бөлүмдөргө жиберүү тууралуу 1934 жылы каттоо кызматтарына буйрук түшкөн, алардын көбү жок кылынган.

Дээрлик ХХ кылымдын 80 жылдарынын аягына чейин СССРде расмий түрдө 1932-1933 жылдардагы Голодомор жана андан жапа чеккендердин саны четке кагылган. СССРдин жетекчилиги дүйнөлүк коомчулукту атайын чаташтырган. 1933 жылдын январь айында СССРдин тышкы иштер Элдик Комиссары Максим Литвинов өлкөдө ачарчылык жоктугу жөнүндө атайын билдирүү жасаган, Өкмөт чет элдик жардамдан баш тарткан. Ачарчылык жөнүндө айтууга 1987 аягына чейин тыюу салынган, эл аралык коомчулуктун кысымынын астында жана АКШ Конгрессинин  иш-аракеттеринен кийин гана Украинанын БК Компартиясынын биринчи катчысы Щербицкий Ачарчылык факты тууралуу айтууга мажбур болгон.

Кылмышты айыптоо

Украина мамлекеттик денгээлде биринчи жолу кайгылуу окуяны 60 жылдан кийин белгиледи. 1998 жылдан тартып Украинанын Президентинин Жарлыгы менен Голодомордон жапа чеккендерди эскерүү күнү жыл сайын ноябрындын төртүнчү ишембисинде белгиленет. Украинецтер караңгы киргенде терезелерде шам жагышат –  баардык ачарчылыктан каза болгондордун эсине. 2006 жылы Украинанын Верховная Радасы «Голодоморду украин элинин тукум куруту катары таануу» жөнүндө Мыйзам кабыл алган, ал эми 2008 жылдын ноябрында Киевде Голодомордон жапа чеккендердин Улуттук мемориалы курулган. 2009-ж. Украинанын Коопсуздук кызматы Украинадагы ачарчылык тууралуу геноциддин белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2010 ж. январь айында Киев шаарынын Апелляциялык соту иштин материалдарын карап чыгып, 1932-1933 жылдарда Иосиф Сталин жана анын кол кабыш кылуучулары Украинада геноцид кылмышын жасашкан деп тапкан. 2015 ж. Украинанын Верховная Радасы коммунисттик тоталитардык режимди нацисттик режимдин катарында айыптаган, ал эми кийинки мыйзам менен болуп өткөн окуялар, атап айтканда Голодомор, цензура жана манипуляциялардын объектиси эч качан болбошу үчүн советтик жазалоо органдардын архив материалдарына толук кирүүгө мүмкүнчүлүк ачкан.